• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте «Руханий Жибек жолу» аттуу III Эл аралык диний-илимий конференция өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.09.18. Кабар/. Бишкек «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III Эл аралык диний-илимий конференция өтүүдө.

Муфтияттан кабарлашкандай, Эл аралык конференцияга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Эстония, Литва мамлекеттеринин муфтийлери, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, дин аалымдары жана серепчилер катышууда.

Конференциянын ачылыш аземинде КР Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев өлкө башчынын саламын жолдоп, конференциянын ишине ийгилик каалады. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев алтындай убактысын бөлүп келишкен Азирети Муфтийлерге ыраазычылыгын билдирип, бул иш-чаранын Кыргызстанда өтүп жаткандыгы чоң сыймык экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле Азирети Муфтий конференциянын өтүшү дин башкармалыктар арасындагы достукту, ынтымак менен биримдикти, бир туугандыкты жана карым-катнашты бекемдей тургандыгын билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө жалпы катышуучулар терс диний агымдардын алдын алуу, басылмаларга анализ жүргүзүү жана дин башкармалыктардын коомдогу орду темаларында докладдарын окуп, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришүүдө.

Эл аралык конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин курамы, эксперттер жана жогорку окуу жайдын мүдүрлөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий