• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Бишкекте обончу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-январь Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз элинин залкар обончу-композитору Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Залкардын туулган күнүнө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эртең, 12-январда саат 12:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында салтанаттуу иш- чара өткөрөт.

"Учурда аталаган иш-чарага даярдыктар жүрүп жатат. Салтанат санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт тартууланат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий