• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өттү

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Кыргыз улуттук филармониясында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Кечеге КР президентинин кеңешчиси Султан Раев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жана ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.

Вице-спикер Аида Касымалиева Рыспай Абдыкадыровдун аткарган ырлары, жараткан композициялары бүтүндөй элдик чыгармага айлангандыгына токтолду. “Атактуу ырчы Рыспай, Ааламдан келген ырыстай” – деп айтылгандай эле, кыргыз маданиятына өз таланты, жараткан обондору, аткарган ырлары менен кайталангыс ырыскысын чачып кете берди. Анын чыгармалары ата- бабаларыбыздан калган элдик ооз эки чыгармалардын катарын толуктап, муундан-муунга өтүп, улуттук классикалык музыкага айланды. Ошондуктан, Рыспай агабыздын калтырган эмгектери элдин эсинен чыкпай, урпактан урпакка өтүп жашап кала бермекчи”, - деди Аида Касымалиева.

Иш-чаранын жүрүшүндө филармониянын ырчылары эскерүү кечесине келгендерге улуу таланттын кайрыктарын сунуштады.

Белгилей кетсек, Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармаларды жараткан.

Залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорудан көз жумган, көзү тирүү болгондо быйыл 79 жашка чыкмак.

Пикир

Оставить комментарий