• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Сүйүтбек Төрөбековдун жеке көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 20.10.17. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте КР эл сүрөтчүсү Сүйүтбек Төрөбековдун жеке көргөзмөсү өтөт.

Көргөзмө сүрөтчүнүн 60-жылдык мааракесине карата уюштурулган. Иш-чаранын ачылышы бүгүн, саат 12:00дө Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде болот. Көргөзмө 4-ноябрга чейин уланып, бардык каалоочулар үчүн ачык болот.

Көргөзмөдө бардык жанрдагы сүрөттөр коюлган.

Ошондой эле, көргөзмөдө чыгаан инсандардын сүрөттөрү коюлган, Ч.Айматовдун “Айтматовдун ааламы” аталыштагы, С.Чокморов “Үзгүлтүккө учураган учуу”, С.Каралаев “Чоңказат” ж.б. Бул чыгармалар аркылуу сүрөтчү биздин коомдук заманбап бейнесин көрсөтүүгө аракет кылат.

Маалымат үчүн: Сүйүтбек Төрөбеков 1957-жылы 12-февралда туулган. Ленинграддагы (азыркы Санк-Петербург) И.Е.Репин атындагы институтту аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий