• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды

Коом 0

Бишкек, 09.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте өкмөт башчы Сапар Исаковдун катышуусунда белгилүү актер жана СССР сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды.

Иш-чара актердун туулган күнүнө карата арналган. Бүгүн 2017-жылдын 9-ноябрында Сүймөнкул Чокморов 78 жашка чыкмак.

Белгилүү актердун эстелиги Уралда (Россия) Дубровин чеберканасында даярдалган. “Кабар” агенттигине чеберкананын жетекчиси Иван Дубровин билдиргендей, эстеликтин салмагы 600 килограммды түзөт.

“Ал дүйнөдө жогорку сапаттагы эстеликтерди жасай турган атайын көркөм колодон жасалды. Аталган долбоор кыргыз-россиянын биргелешкен иши. Каржы маселеси жабык бойдон калсын”,-деди ал.

Өз кезегинде монументтик чыгарманын автору Алмаз Кажогулов “Кабар” агенттигине эмне үчүн дал ушул образга токтолгондугун айтып берди.

“Мен Сүймөнкул Чокморовду тирүү кезинде билип калдым. Ал Чүй проспектисинде шляпа кийип алып сейилдеп жүргөндө көрүп калчумун. Мен аны шляпасы жок эч качан көргөн эмесмин. Ошондуктан да дал ушундай образ түзүүнү чечтим”,-деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий