• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Үсөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Бишкекте Үсөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 26-сентябрдан баштап Үсөнбаев көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү автоунаалардын өтүшү үчүн жабылат.

Күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында бул бөлүктө электр тармагы кайра коюлат.

Иштер берилген буйруктун негизинде “Импульс Ош” компаниясы тарабынан жүргүзүлүп, 15-ноябрга чейин уланат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий