• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте сүт бездеринин рагын акысыз текшерүү өткөрүлөт

Ден соолук 0

Бишкек, 12.10.17. /Кабар/. 21-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк сүт бездеринин рагы тууралуу маалымдоо күнүнүн алдында Бишкекте КР Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук онкология борборунун поликлиникасында жана Маммология борборунда бардык каалоочу аялдар үчүн ачык эшик күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, иш-чараларды Маммология борбору “Маммология” коомдук фонду менен биргеликте демилгелеп жатат.

Ачык эшик күндөрү 16-21-октябрь аралыгында аталган мекемелерде 09:00дөн 14:00го чейин өтөрү маалымдалды. Бул күндөрү аялдарды өз алдынча текшерилүүгө,сүт бездерин физикалык, цитологиялык, ультра үндүк жана маммологиялык изилдөөлөрдөн өткөрүүгө үйрөтүшмөкчү. Бардык клиникалык жана инструменталдык изилдөө ыкмалары акысыз негизде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий