• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте сүзүү боюнча КРдин чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 12.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 17-18-март күндөрү “Дельфин” бассейнинде сүзүү боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу КРнын спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Чемпионаттын салтанаттуу ачылышы 17-мартта саат 10:00дө өтөт. Мелдеш саат 10:00дө башталып, 09:30да машыгуу болот.

Мелдешке катышуу үчүн 2004-жылкы жана андан улуу улан-кыздар чакырылат.

Эл аралык мелдештерде КР сүзүүчүлөрү алдыңкы орундарды ээлеп келишет.

Пикир

Оставить комментарий