• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте "Сөз эркиндиги" аллеясы пайда болду

Коом 0

Бишкек, 01.04.23. /Кабар/. Бишкектин “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” аллеясы пайда болду.

“Сөз эркиндиги” экологиялык бак-дарак отургузуу акциясына массалык маалымат каражаттарынын 100гө жакын өкүлдөрү жана блогерлер катышып, алар 200 түп көчөт отургузушту.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун айтымында, иш-чара “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.

“Максат бардык ЖМК өкүлдөрүн бир аянтчага бириктирүү, мамлекеттик жана жеке медиялардын ортосундагы байланышты түзүү жана бекемдөө болчу. Акыркы убакта айрым маалымат каражаттары өлкөдө сөз эркиндиги жок деп айтып жатышат. Акция ошондой эле аларга өлкөнүн маалымат айдыңында эч кандай кысым жок экенин жана президенттик администрация сөз эркиндигине өзгөчө көңүл бурарын далилдөөгө багытталган”, - деди ал.

Белгилей кетсек, “Ынтымак” сейил багында өткөн акциядан кийин Чүй облусунун Аламүдүн районундагы генерал С.Самсалиев атындагы орто мектебинин аймагына дагы 200 түп көчөт отургузулду.

Акциянын алкагында жалпысынан 400 көчөт отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий