• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

С.Чокморовдун музей-өнөрканасы ачылды

Маданият 0


Бишкек, 26ай /Ислам Розиев - Кабар/. Бишкекте бүгүн СССРдин Эл артисти, кино актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы кайрадан эшигин ачты.

Музейдин ачылышына сүрөтчүлөр жана С.Чокморовдун туугандары келишти.

“Ал дүйнөдөн өткөн соң өнөрканасын музей кылуу токтому кабыл алынган. Мында анын үй-бүлөсүнө жана Сүймөнкул Чокморовдун өзүнө таандык экспонаттар чогултулган. Бул анын сүрөттөрү, эскиздери, фотосүрөттөрү, кыл калемдери жана башкалар”, -деди мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясынын директору Арман Мамаханова.

Музей Бишкек шаарынын мэриясынын каражатына ачылды. Ошондой эле, музейге Сүймөнкулдун бир тууганы Сүйөркул Чокморов келип, шаар мэриясынын каржылык колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда туулган. Ал советтик кыргыз кино актеру, сүрөтчү жана СССРдин Эл артисти болгон. Ал “Караш-Караш”, “Жамийла”, “Жетинчи ок” жана башка тасмаларда ойногон.

Музей-өнөркана бардык каалоочулар үчүн иш күндөрү 9:00-17:00дө ачык. Дареги: Токтогул көчөсү 170.

Пикир

Оставить комментарий