• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте саат 10:00гө карата COVID-19 менен ооругандар үчүн 200 бош орун бар

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бишкекте саат 10:00гө карата COVID-19 менен ооругандар үчун 200 бош орун бар. Бул тууралуу брифинг учурунда КР саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча:

- Улуттук хирургия борборунда – 1 орун;

- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 8 орун;

- №2 клиникалык төрөт үйүндө – 13 орун;

- №1 шаардык клиникалык ооруканада – орун жок;

- №6 шаардык клиникалык ооруканада – бош орун жок;

- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 4 орун;

- Чүй облустук бириккен ооруканасында – 3 орун;

- Улуттук госпиталь: ИОВ – 12 орун;

- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 3 орун;

- Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – 4 орун;

- Республикалык наркология борборунда – 14 орун;

- Улуттук госпиталь: Мобилдик клиника - 1 орун;

- Улуттук фтизиатрия борбору – бош орун жок;

- Аскер госпиталы - 6 орун;

- Курортология жана калыбына келтирүү институту – 60 орун;

- Улуттук госпиталь: Нейрокорпус – 5 орун;

- Д.Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи - 343 орун;

- Улуттук эне жана баланы коргоо борбору - 23 орун;

- Фтизиатрия борбору (КММА №6 жатакана) – бош орун жок.

«Жалпысынан Бишкекте 2 миң 364 бош орун бар, анын ичинен 147си интенсивдүү терапия палатасы. «Кызыл зоналарда» 343 дарыгер жана 569 медайым иштеп жатат», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий