• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте сабак учурунда эс-учун жоготкон окуучу кыз ооруканага жетпей каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкекте 5-класстын окуучусу ооруканага жетпей каза тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-мартта саат 09:19дар чамасында милицияга №87 мектепте окуучу кыз сабак учурунда эс-учун жоготуп, ооруканага бара жаткан жолдо каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Окуя болгон жерге ычам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Анда каза болгон адам 12 жаштагы Г.Г. аттуу кыз болгону аныкталган.

11-марта Г.Г. сабак учурунда эс-учун жоготуп койгон. Информатика сабагынын С.М. аттуу мугалими дароо мектептин медайымын чакырган. Ал өз убагында алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Саат 08:10дор чамасында мектепке кыздын И.О. аттуу энеси келип, кызды республикалык оорукананын кардиологиялык бөлүмүнө алып кеткен. Жолдо кыз көз жумган. Кийинчерээк 5-класстын окуучусу 2015-жылы жүрөгүнө операция жасатканы белгилүү болгон.

“Кыздын жакындары соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткандыктан протокол түзүлгөн. Сөөктү кароодо денесинде эч кандай жараат аныкталган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий