• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Садыр Жапаров менен Катар эмиринин расмий жолугушуу аземи болду

Саясат 0


Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-июнда, Бишкек шаарында Кыргызстандын пезиденти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

"Ала-Арча" Мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын алдында Кыргызстандын жана Катар мамлекетинин мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү.

Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашкан соң Кыргызстандын жана Катар Мамлекетинин мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров жана Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.


Белгилей кетсек, Катардын эмири күн мурун, 6-июнда биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди.

Пикир

Оставить комментарий