• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи өттү

Саясат 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда, Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөбүзгө мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы мрамор чатырынын алдында Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик желектери желбиреп турду, Ардак кароол тизилип, килемчелер төшөлдү.

Өлкөнүн лидерлери бири-бири менен учурашкан соң Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, андан соң мамлекет башчыларынын алдынан Ардак кароол ротасынын жоокерлери салтанаттуу марш менен өтүштү.

Мамлекет башчылары чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин тар курамда сүйлөшүү залына киришти.

Пикир

Оставить комментарий