• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Садыр Жапаровдун ант берүү аземи башталды

Президент 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи башталды. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.

Ант берүү аземинин алдында Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залына Конституцияны, КРдин штандартын жана президенттин төш белгисин алып киришти.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун конок чакырылган.

Жапаровдун кызматка киришүү аземи санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий