• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири старт алды

Спорт 0

Бишкек, 27.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте 27-28-май күндөрү өтүүчү салтка айланган “Мурас” достук турнири старт алды.

Бүгүн, 27-майда, “Газпром - балдарга” дене тарбия – ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде иш-чаранын ачылышы болду. Турнирге 16 команда катышууда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө кезектеги салттуу “Мурас” турниринин башталышы менен баарын куттуктап, бул төртүнчү турнир экенин эске салды.

Садыр Жапаров бул турнирге кызыгуу барган сайын өсүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү курамда Курултайдын делегаттарынан турган жаңы команда бар.

Ал алгач бул иш-чаранын максаты бардык кыргызстандыктарды спортко тартуу, сергек жашоого үндөө болгонун баса белгиледи.

«Ар бир өлкөнүн келечеги – биринчи кезекте дени сак улут. Дени сак улут – бул күчтүү өлкөнүн анык белгиси. Келечекте бизге башка командалар да кошулуп, биз мындан да көп болобуз, деп ишенебиз», - деди мамлекет башчы.

Президент Садыр Жапаров эң күчтүү футбол командасына жеңиш каалады.

Оюндар өткөн жолкудай эле "Газпром - балдарга" спорт комплексинин эки жеринде (А жана В группалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (С жана D группалары) өткөрүлөт.

Эске салсак, командалар төрт группага бөлүнөт:

А группасы: «Президенттин командасы», «Фемида», «Ыйман», «Алга»;
В группасы: «Спорттук федерациялар», «Жогорку Кеңеш», «Ден соолук», «Аймактар»;
С группасы: «Коопсуздук», «Бизнес», «Спорт жылдыздары», «Билим»;
D группасы: «Достук», «Өнөр», «Курултай», «Журналисттер».

Эртең, 28-майда, чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий