• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышы өттү

Спорт 0


Бишкек, 03.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 3-мартта, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өттү.

Мелдеш шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өткөрүлөт.

Дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, биринчи вице-президенти Петр Бржиза, Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов да катышты.

Садыр Жапаров 4-дивизиондогу командалар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатын расмий түрдө ачып, мелдеш Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканы үчүн баарын куттуктап өттү.

"Спортто эң күчтүүсү утат, андыктан күчтүү команда жеңсин", - деди Жапаров.

Эскерте кетсек, аталган турнирде жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Иран, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын курама командалы күч сынашат.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өтүүдө.

Оюндун жүгүртмөсү:
1-тур 3-мартта өтөт:
Саат 20:00дө Кыргызстан — Иран.
2-тур 4-мартта өтөт:
Саат 19:00дө Сингапур — Иран.
3-тур 5-мартта өтөт:
Саат 17:30дө Кувейт — Сингапур;
Саат 20:00дө Кыргызстан — Малайзия.
4-тур 6-мартта өтөт:
Саат 19:00дө Иран — Кувейт.
5-тур 7-мартта өтөт:
Саат 17:00дө Малайзия — Иран;
Саат 20:00дө Кыргызстан — Сингапур.
6-тур 8-мартта өтөт:
Саат 17:00дө Сингапур — Малайзия;
Саат 20:00дө Кыргызстан — Кувейт.

Пикир

Оставить комментарий