• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына арналган тегерек үстөл өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 22-апрель /Салтанат Абдраева - Кабар/. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Саясий репрессиялар: келечек үчүн тарыхый эстелик” аттуу советтик мезгилдеги саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына арналган тегерек үстөл өтүп жатат.

Бул иш чаранын максаты муундардын тарыхый эстелигин сактап калуу, репрессияланган элитанын элесин түбөлүккө калтыруу болуп саналат.

Тегерек үстөлдүн алкагында саясий репрессия, мамлекеттүүлүктү түзүү жана чыңдоо жылдарындагы көрүнүктүү тарыхый ишмерлердин ишмердиги, ачарчылык маалында кыргыздардын качкындарга жардамы, 20-кылымдын 30-жылдарындагы демографиялык катастрофа, саясий репрессиянын тарыхый кесепеттери маселелери талкууланат.

Мындан тышкары, тегерек үстөлдүн алкагында көргөзмө уюштурулган.

Иш чарага Россия, Казакстан жана Кыргызстандын окумуштуулары катышууда. Ошондой эле, коомдук ишмерлер, КР УИА кызматкерлери жана республиканын алдыңкы ЖОЖдорунун мугалимдери катышып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий