• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте саймачылардын республикалык сынагы өттү — сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргыз улуттук тарых музейинде саймачылардын республикалык “Сайма чемпионаты- 2021” сынагы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны “Кийиз дүйнө” коомдук фонду Маданят министрлигинин жана тарых музейинин колдоосу менен өткөргөн

Иш - чара бүгүнкү күндөгү этно маданиятты жана кол өнөрчүлүктү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, аны алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма сайуунун жандандырууга өбөлгө түзөт.

Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду Эркайым Асанбекова, II орунду Кундуз Абдыкеева, III орунду Нургүл Жээнбекова ээледи.

Чемпионатта, салт болуп калгандай, сайма боюнча өткөн жылдагы сынактын жеңүүчүсү Диляра Орозалиева быйылкы жеңүүчү Эркайым Асанбековага эстафета-чапанды тапшырды. Эми Асанбекова аны сактап, келерки жылдагы жеңүүчүгө өткөрүп бермекчи. Айтмакчы, ар бир финалист чапанга өзүнүн атын сайып калтырышы керек.

Ал эми белдемчи боюнча сынакта I орунга Сырга Өмүралиева, II орунга Эркайым Асанбекова, III орунга Батина Назаралиева татыды.

Андан сырткары, тарых музейинде уздардын колунан чыккан туш кийиздер, панолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.

Пикир

Оставить комментарий