• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча даярдалган мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага катышууга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чара бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин талкуулоо жана эске алуу аянтчасы катары уюштурулду.

Катышуучуларга “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” КР Мыйзам долбоору, “Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө”КР Мыйзам долбоору, “Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жөнүндө”, “Медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорлору, ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо тармагын каржылоодо Бирдиктүү төлөөчү системасы жөнүндө” КР Мыйзамдарынын долбоорлору сунушталды.

Мыйзам долбоорлорун түзүү процесси кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди тартуу менен айкын жана ачык шарттарда иштелип чыккан.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар мыйзам долбоорунда бир катар ооруларга, анын ичинде гепатитке, АИВге жана башка ооруларга тиешелүү пункттарды эске алууну жана жазууну сунуштап, бул оорулар акыркы жылдары эпидемиологиялык мүнөзгө ээ болуп жатканын көрсөтүштү.

Мыйзам долбоорлорунун айрым пункттары боюнча катышуучулардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыгып, бир пикирге келүү үчүн аларды жумушчу тартипте талкуулоо чечими кабыл алынды.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзам долбоорлору заманбап чакырыктарга жана талаптарга жооп бериши керектигин, ошондуктан аларды комплекстүү жана концептуалдуу кайра карап чыгуу керектигин белгилешти.

Талкуунун жыйынтыгында бардык сунуштар документтерди жыйынтыктоодо эске алынары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий