• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу бала бакчанын дагы бир филиалы ачылды

Коом 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы №115 “Наристе” балдар бакчасынын дагы бир жаңы филиалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бала бакчанын ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, анын орун басарлары жана бала бакчанын жетекчилиги катышты.

7-кичирайондо жайгашкан “Наристе” балдар бакчасынын жаңы филиалы Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана балдар бакчасынын жетекчилигинин колдоосу менен пайдаланууга берилди.

Балдар бакчасы 250 орунга ылайыкташкан, анда төрт тайпа болот: даярдоочу, жогорку, орто жана кенже тайпалар.

Министр “Наристе” балдар бакчасы санитардык-эпидемиологиялык абалга толук жооп берерин айтты.

“Балдар биздин келечегибиз. Биздин бүгүнкү күнкү күчүбүз – алардын келетектеги пайдубалы. 250 орундуу балдар бакчасынын ачылышы биздин медициналык кызматкерлердин айлап кезек күтпөстөн балдарын балдар бакчасына орнотууга мүмкүндүк берет. Биздин жаңы балдар бакчасы балдар үчун экинчи үйү болуп калат деп ишенем”, - деди министр.

Эскерте кетсек, 3-декабрда Шакиров көчөсү, 4 дарегинде No115 «Наристе» бала бакча-бала бакчасынын филиалы ачылган.

Пикир

Оставить комментарий