• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Бишкекте 22-25-апрель күндөрү "Салттуу музыка жумалыгы" өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Жумалыкка арналган иш-чара бүгүн башталат.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана "Кыргыздын салттуу музыкасы" фонду биргеликте өткөрүүдө.

22-апрелде өтө турган иш-чаралар:

Саат 11:00 - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Салттык музыкалык искусствону заманбап изилдөө маселелери жана жашоо турмуштагы орду" аталышындагы лекция. Баяндамачы: Саида Елеманова – Казакстандын Нур-Султан (Астана) шаарындагы Улуттук Өнөр университетинин профессору, искусство таануу илимдеринин кандидаты, Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Саат 14:00 - М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында жолугушуу жана "Салттык музыкалык искусство – Борбордук Азиянын музыкалык маданиятынын феномени", "Аспаптар – этностун руханий мурасы" лекциясы. Баяндамачы: Искусство таануу илимдеринин доктору, Ташкенттеги Мамлекеттик консерваториянын профессору Р. С. Абдуллаев.

Саат 18:00 - Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры: Салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багытына арналган манасчы, дастанчы, төкмө акындардын концерти.

23-апрелде өтө турган иш-чаралар:

Саат 11:00 - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында мастер-класс: "Түрк тилдүү элдердин руханий мурасы – Жетиген аспабы (Казак жетигенинин мисалында)" – Курмангазы атындагы Улуттук консерваториясынын окутуучусу, "Каусар" жетигенчилер тобунун жетекчиси Нургул Жакыпбек кызы (Казакстан).

Саат 14:00 - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында "Борбордук Азиянын салтуу музыкалык маданиятынын бүгүнкү абалы жана аны сактоо, изилдөө маселелери", Искусство таануу илимдеринин кандидаты, ICTM дүйнөлүк уюмунун "Макам" изилдөө борборунун жетекчиси Жумаев Александр Бабаниязович (Өзбекстан).

Саат 18:00 - Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры: Салттуу музыкалык искусствонун аспапчылык багытына арналган комузчу, кыякчы, чоорчу аспапчылардын концерти.

24-апрелде өтө турган иш-чаралар:

Саат 09:00 - Улуттук илимдер Академиясында "Салттуу музыкалык искусство этностордун дүйнө таанымында жана маданиятында" аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Саат 18:00 - Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры: Салттуу музыкалык искусствонун аваздык-аспапчылык багытына арналган элдик жана автордук чыгармаларды аткарган ырчылардын концерти.

25-апрелде өтө турган иш чаралар:

Саат 15:00 - Ала Тоо аянтында улуттук аспаптарды жасаган усталардын мастер-класстары жана көргөзмө-жарманкеси, кыргыздын жана Кыргызстанда жашап жаткан этностордун маданиятын таанытууга арналган кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси болот

Саат 17:30 - 25-апрель Салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгына арналган Жумалыктын жабылыш Гала-концерти болуп, ал манасчы, дастанчы, акындардын, комузчу, кыякчы, чоорчулардын, элдик жана автордук чыгармаларды аткарган ырчылардын катышуусу менен өтөт.

Пикир

Оставить комментарий