• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте салттуу музыка жумалыгынын 2-туру өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 21.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде, Салттуу музыка жумалыгынын алкагында “Санат” телеканалында айтуучулук, аспапчылык, аваздык-аспапчылык багыттар боюнча сынак жүрүүдө. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкекте 20-апрелден 25-апрелге чейин жыл сайын өтүүчү “Салттуу музыка жумалыгы” сынагы өтөт.

Бул долбоордун автору Роза Аманова билдиргендей, Кыргызстанда Салттуу музыка күнү 2009-жылдан тартып жыл сайын 25-апрелде белгиленип келет.

Жумалыктын алкагында бүгүн кечки саат 17.00дө Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Күү күнүнө арналган (комузчу, чоорчу,кыл кыякчы, темир ооз комуз ж.б) аспапчылардын концерти болот.

Пикир

Оставить комментарий