• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында “Дастан күнү” белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагында “Дастан күнү” белгиленди. Ага Казакстан, Өзбекстан жана Каракалпакстандан келген өнөр ээлеринин катышуусу менен салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багытына арналган манасчы, дастанчы, акындардын концерти тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Салттуу музыка күнү өлкөдө 15 жылдан бери белгиленип келет.

“Буга ылайык, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жана М.Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайында Нур-Султан (Астана) шаарындагы Улуттук Өнөр университетинин профессору, искусство таануу илимдеринин кандидаты, Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Саида Елеманова жана Искусство таануу илимдеринин доктору, Ташкенттеги Мамлекеттик консерваториянын профессору Р.С.Абдуллаевдер лекцияларды окушту”, - деп кошумчалады министрликтен.

Саат 14:00дө Өзбекстандан келген Искусство таануу илимдеринин кандидаты, ICTM дүйнөлүк уюмунун “Макам” изилдөө борборунун жетекчиси Жумаев Александр Бабаниязович Борбордук Азиядагы заманбап салттуу музыканын абалы, аны сактоо жана аны изилдөө темасында лекция окуйт.

Ал эми кечки саат 18:00дө Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында комузчу, кыякчы, чоорчу аспапчылардын концерти өтөт.

Пикир

Оставить комментарий