• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте салттуу музыка жумалыгынын алкагында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 24.04.22. /Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Салттуу музыка жумалыгынын алкагында “Психосоматикалык медицина жана психология. Психосоматикадагы искусство синкретизми” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, ага маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мындай иш-чаралардын тынымсыз өткөрүлүп турушу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын, Кыргызстандын окумуштуулары менен адистери маданий мурастарды сактоо, жаңы технологияларды өнүктүрүү багытында кызматташууга негиз түзө турганына токтолду. Мындай иш-чара биринчи жолу өтүп жаткандыгын баса белгилөө менен, искусство менен илим заманыбыздын чакырыктарына ийиндеше талкууланып жатканы, мындай синкретизмдин үлгүсү болгон искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Аманов Роза Асановнага ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Чыңгыз Эсенгул уулу пандемиядан улам, жашообуздун нугу өзгөрүп, дүйнөдөгү бардык глобалдык өзгөрүүлөргө сезимталдуулук менен кабыл алып жатканын белгилөө менен, эл аралык илимий-практикалык конференция искусство менен илимдин синкретизми сыяктуу маанилүү жана зарыл темадагы аңгемелешүүнү улантууга негиз түзө турган аянтча катары болуп калаарына ишеничин билдирди

Пикир

Оставить комментарий