• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бүгүн салттуу музыка жумалыгынын гала-концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салттуу музыка жумалыгынын гала-концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, концертке Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Россиянын Алтай жана Тыва Республикаларынын өкүлдөрү катышат.

Бардык жарандар үчүн эшик ачык, концерт саат 18.00дө башталат.

Белгилей кетсек, салттуу музыка жумалыгы 20-апрелден 25-апрелге чейин өтүп, улуттук салттуу кийимдердин жарманкеси менен коштолду.

Жумалык 25-апрель - салттуу музыка күнүнө карата өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий