• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте салттуу жаа атуу боюнча ачык биринчилик өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз-түрк "Манас" университетинде салттуу жаа атуу боюнча ачык биринчилик өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 19-февралда Салбуурун федерациясы "Манас" университети менен биргеликте салттуу жаа атуу боюнча ачык биринчилик өткөрдү.

Мелдеш мекенди коргоо күнүнө карата уюштурулуп, ага Бишкек шаарынын жаа атуу боюнча ышкыбоздору катышты. Мелдеш эки эреже менен өткөрүлдү.

Салбуурун федерациясынын эрежеси менен 35 жана 40 метр аралыкта:

Эркектер арасында:

1-орун - Рустам Ногойбаев;

2-орун - Ынтымак Мурадил уулу;

3-орун - Самат Сүйөркулов;

Кыз-келиндер арасында:

1-орун - Асель Садырова;

2-орун - Назгүл Шапиева;

3-орун - Оксана Загорулько.

"Фетиха кубогунун" эрежеси боюнча 60 жана 70 метр аралыкта атууда жеңүүчүлөр төмөндөгүдөй аныкталды:

Эркектер арасында:

1-орун - Рустам Ногойбаев;

2-орун - Ынтымак Мурадил уулу;

3-орун - Азамат Акунов;

Кыз-келиндер арасында:

1-орун - Асел Садырова;

2-орун - Седеп Торогелдиева"

3-орун – Оксана Загорулько.

Пикир

Оставить комментарий