• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте салттык айыл-чарба жарманкелери өтөт - даректер

Коом 0

Бишкек, 03.10.18 /Кабар/. Бишкекте 6-октябрдан тарта күзгү салттык айыл-чарба жарманкелери башталат. Алар ар ишемби жана жекшемби күндөрү саат 07:00дөн 16:00гө чейин өткөрүлөт.

Жарманкелер шаардын үч районунда өтөт:

-Свердлов районунда Т.Айтматов жана Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишинде;

-Ленин районунда Айни жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

-Октябрь районунда Н.Жетикашкаев көчөсүндө (Токомбаев көчөсүнөн Айтиев көчөсүнө чейин).

Шаар мэриясы Бишкектин жашоочуларын жарманкелерге келип, экологиялык таза жер-жемиштерди, сүт жана эт азыктарын төмөнкү баада сатып алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий