• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте “Салык чектин” жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик Салык кызматында "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Эскерте кетсек, лотереянын жеңүүчүлөрүн аныктоо 1-июлда Ала-Тоо аянтында өткөрүлгөн.

Утушка "Салык чек" тиркемеси аркылуу сканерленген кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 3 млн 449 миң 959 билет катышкан. 52 байгенин жеңүүчүлөрү сандарды туш келди тандоо ыкмасы менен (рандом) аныкталган.

Ал эми 1-июлдагы лотереясынын биринчи турунда утушка ээ болбогон билеттер жарактуу бойдон болуп, кийинки турга өтөт. Эгерде бир билет байгелүү болгон болсо, анын ээси лотереянын кийинки этаптарына катышуу укугунан ажырайт.

Салык кызматынын лотереясынын экинчи туру ушул жылдын 1-октябрында өтөт. Экинчи турга 2022-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин катталган кассалык чектер, ошондой эле биринчи турда ыйгарылып, утушка ээ болбой калган ID номерлер катышат.

Пикир

Оставить комментарий