• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте Салык кызматкеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Президент 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда, Т.Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук филармонияда Салык кызматкеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын иши жөнүндө маалматтар менен таанышты, ага салык кызматын модернизациялоо жөнүндө маалымат берилди, анын ичинде салыктык башкарууну санариптештирүү тууралуу да.

Президент Садыр Жапаровго реалдуу убакыт режиминде салыктык процедураларды фискалдаштыруу боюнча автоматташтырылган тутумдун ишин көрсөтүштү.

Андан соң, президент салык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды:

— «Atalyk Group» («Аталык Групп») жабык акционердик коому;

— «БИОВИТ» жоопкерчилиги чектелген коому;

— «ТЕКСТИЛЬ ТРАНС» (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар ишкерлерге президенттин атынан алкыш жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий