• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте салык мыйзамын бузган 19 ишкер аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Бишкекте салык мыйзамын бузган 19 ишкер аныкталды, - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы.

МСК Бишкек шаарында өткөрүлгөн 3 күндүк рейддик салыктык контролдун жыйынтыгында бильярд клубунда, мончо, сауна, сулуулук салону, унаа жуучу жайларда, алмаштыруу бюролордо жана стоматологияда кызмат көрсөткөн бир катар субъекттердин салык мыйзамын бузгандыгын аныктады.

Алсак, 68 субъект текшерүүгө алынып, анын 19унда 250,8 миң сомго ар кандай бузуулар аныкталган. Анын ичинде милдеттүү патенттин жоктугу жана төмөндөтүлүшү, ошондой эле милдеттүү патенттөөгө тийиш болгон ишкердик чөйрөсүндө эмгектенген 49 жалданма кызматкерлердин патенти жоктугу.

Ушул сыяктуу рейддик иш-чаралар жалпы республика боюнча туруктуу негизде жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий