• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте салык процедураларын санариптештирүү процесси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинде (ЭКМ) коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата тегерек стол өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык. иш-чарага президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысынын орун басары Санта Садыкова, мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын максаты - коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүү инструменттерин, тактап айтканда, салык процедураларын санариптештирүү процессин талкуулоо.

Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Исмаил уулу Нурбек өз сөзүндө контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүүнү, анын ичинде аймактарда да улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Виртуалдык кассалык машиналарды киргизүү төмөнкүлөрдү карайт:
– ишкерлер үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүү;
– ак ниет ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана импортерлордун кызыкчылыктарын коргоо;
– таза атаандаштыкты таза өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
– мыйзам чыгаруу тармагына заманбап санариптик чечимдерди киргизүү;
– көмүскө экономиканы мыйзамдаштырууга багытталган технологияларды киргизүү.

ЭКМдин Коомдук кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары Ноокатбек Идирисов Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөшүү системасынын анализи, анын негизги кемчиликтери жана эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча сунуштары менен тааныштырды.

Баяндамалардын жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, «Кассалык тартипти» кеңири талкуулоого активдүү катышты.

Соңунда министрдин кеңешчиси Каныбек Ганиев катышуучуларга бул иш-чарага катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, коррупцияга каршы чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу коррупцияга каршы жарандык коомдун институттарынын колдоосусуз мүмкүн эместигин, алардын ишмердүүлүгү мындан ары өркүндөтүүнү талап кылаарын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, жыл сайын 9-декабрда дүйнөдө коррупцияга каршы күрөшүү күнү белгиленет.

Кыргызстан БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына кол койгон, аны мыйзам менен 2005-жылы ратификациялаган.

Конвенция алдын алуу чараларын, кылмыштуулукту жана укук коргоону, активдерди кайтарып алуу жана эл аралык кызматташтыкты камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий