• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте салыктык сабаттуулук маселелери жана аны өнүктүрүүнүн келечектеги планы талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Бишкекте салыктык сабаттуулук боюнча окуу жайлардын өкүлдөрүнүн биринчи форуму өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Салыктык сабаттуулук: тренддер, милдеттер, келечектеги пландары" темасындагы тегерек стол форматында өткөрүлгөн иш-чарага мамлекеттик органдардын окуу борборлорунун, жогорку/орто техникалык жана жалпы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өздөрүнүн докладдары менен чыгып сүйлөштү, алар өлкөдөгү салыктык сабаттуулук боюнча көйгөйлөр жөнүндө гана эмес, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салыктык маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча өз көз караштарын сунушташты.

Талкуулардын жыйынтыктары боюнча практикалык сунуштар иштелип чыкты.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев белгилеп кеткендей, салыктык укуктук аң-сезим дароо эле пайда болбойт, ал – салыктык сабаттуулукту акырындык менен калыптандыруунун натыйжасында келип чыгат.

"Инсан, жаран, андан кийин ийгиликтүү ишкер же мамлекеттик кызматкер мектепте, ЖОЖдо жана андан ары кошумча атайын билим алуучу окуу борборлорунда билим алып калыптангандыктан, аларды жаш кезинен баштап салыктарды төлөө милдеттенмеси боюнча туруктуу жарандык көз карашта тарбиялоого тийишпиз. Ошондуктан биз билим берүү мекемелери менен биргеликте мектептерде жана ЖОЖдордо салыктык сабаттуулук боюнча ачык сабактарды өткөрүүгө аракет кылып жатабыз", – деди ал.

Белгилей кетсек, Салык кызматы өлкөнүн өсүп келе жаткан муундарына салык маданиятын жогорулатуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келет. Бул максатта республика боюнча мектептерде салыктык сабаттуулук боюнча сабактар уюштурулуп, салык органдарынын тейлөө борборлорунда экскурсиялар менен ачык эшик күндөрү өткөрүлүп, окуу жайларында окуучулар жана студенттер менен жолугушуулар болуп, лекциялар окулуп турат жана салыктар боюнча интеллектуалдык конкурстар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий