• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чаранын ачылышында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, президент Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп өттү.

"Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионатына 500дөй спортчу күчүн сыноодо. Элибиздин 65 пайызын жаштар түзөт, андыктан кыргыз эли үчүн спорт өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү мелдеште күчтүүнүн күчтүүсү жеңсин", - деди Байсалов.

Ал эми Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков Бишкекке дүйнөнүн 51 өлкөнүн мыкты спортчулар келгенин маалымдады.

"Мелдешти өткөрүүдө Кыргызстан жөн жерден тандалган жок. Анткени кыргыз күрөшүнүн айрым ыкмалары самбодо колдонулат", - деген Шестаков спортчуларга ийгилик каалап өттү.

Иш-чарага ошондой эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргызстандын самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев, спорт тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш 11-13-ноябрь күндөрү "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтмөкчү.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларында беттештер орун алууда:

Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун — 4000 доллар;

2-орун — 3000 доллар;

3-орун — 2000 доллар.

Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий