• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте самбо боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында самбо боюнча эл аралык турнир өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, турнир “Кызыл жылдыз” орденинин кавалери Виталий Гордеевдин урматына жана Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган.

Беттештерге Кыргызстандын баардык облустарынан жана Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Тажикстандан келген 250дөн ашуун спортчу катышкан.

Беттешүүлөр тогуз салмак категориясы боюнча өтүп, дээрлик баардык медалдарды кыргызстандыктар ээлеген. Ал эми 90 кг чейинки категориясы боюнча коло медалды Казакстандын спортчусу Чыңгыз Измуханов ээлеген.

Жалпысынан кыргызстандыктардын байге куржунунда 24 байге топтолгон. Казакстан - 11 жана Россия – 1 байгеге ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий