• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте санариптешүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Бишкекте "Санарип жарандык: Санарип мен, санариптүү бол!" аталышындагы форум өтүүдө. Анын катышуучулары санариптин жарандар, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана өкмөт, бизнес жана жарандык коом санарипке өтүүдөгү маселелерди талкуулай ала турган коомдук аянтчаны түзүү маселелерин талкуулашууда.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев форумдун катышуучуларына мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып өттү. Маселен, ал "Санарип Кыргызстан" жана мекемелер аралык "Түндүк" тутумун тааныштырды.

"Комитет ар бир жаранды санарип кызматтар менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Калк үчүн мобилдик санарип кызматтардын маалымат ресурстарын интеграциясын камтыган долбоор боюнча иштер аткарылды. Анын алкагында биринчи кызмат ишке кирди – унаа салыгын төлөө. Ал ишке кирген алгачкы 20 күндө кызматты 30 миң адам колдонду. Ал аркылуу төлөнгөн каражат 3,5 млн сомду түздү", - деди ал.

Догоев белгилегендей, бул айда дагы 25 кызматты ишке киргизүү пландалууда. Ал эми жыл аягына чейин 189 кызмат ишке киргизилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий