• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте санитардык эрежелердин сакталбашы боюнча 8 млн сомго протокол түзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Бишкекте санитардык эрежелердин сакталбашы боюнча жалпы 8 млн сомго протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, шаарда ишкердик субъектилердин санитардык эрежелеринин сакталышын, ошондой эле өзгөчө кырдаал учурунда уруксат берилген иш-чаралардын тизмесинин аткарылышын текшерүү боюнча мобилдик топтор иштеп жатат.

"Жалпы 8 млн 42 миң сом суммасында 2 миң 895 бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын алдындагы коомдук транспортту текшерүү боюнча мобилдүү топтор иштеп жатышат. Алар тарабынан жалпы 829 миң сом суммасында 867 бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн", - дейт Чыныбаева.

Вице-мэр кошумчалагандай, 16-декабрга карата Бишкекте жалпы 25 миң 901 жаран ооруган. Алардын 14 миң 338и коронавирус, 11 миң 513ү пневмонияга кабылган.

"Борбор калаада 12 ооруканада 1 миң 150 орундук бар. Учурда 471 орундук бош. Ооруканалардагы орундуктарды Саламаттык сактоо министрлигинин сайтынан билсеңиздер болот", - деп белгиледи Чыныбаева.

Пикир

Оставить комментарий