• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте санитардык нормаларды бузуп велосипед тээп жүргөн жарандардын велосипеддери алынат – комендант

Коом 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Бишкекте санитардык нормаларды бузуп велосипед тээп жүргөн жарандардын велосипеддери алынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, күн жылыгандыктан балдарын ээрчитип алып сейил бактарда сейилдеп жүргөн жарандардын көбөйгөнү байкалууда.

Бирок ошол эле учурда ал бүгүн эртең менен көчөдө жүргөн жарандардын саны аз болгонун билдирди.

"Өзгөчө абалдын талаптарын жана санитардык эрежелерди бузуп көчөдө велосипед тээп жүргөн жарандардын велосипеддери убактылуу алынат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий