• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге дээрлик 2 млн сом айыппул салынды

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 1 млн сом айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

“14-майдан 16-июнга чейин 7 миң 897 ишкерлик объект текшерилип, 1 млн 996 миң сомго бузуулар тууралуу 930 протокол түзүлгөн”, - деди ал.

Ал Бишкек шаарында спорттук, майрамдык, мааракелик жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө болбой тургандыгын эскертип өттү. Аны менен бирге вице-мэр 16-июндан тарта борбор калаада батуттарды иштетүүгө, башаламан соода жүргүзүүгө, велосипедди ижарага берүүгө тыюу салынганын айтып өттү.

Ошондой эле Кузнецова жарандарды жана мекеме-ишканаларды санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий