• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Сапар Исаковдун жактоочуларынын өтүнүчү боюнча процесс башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочуларынын өтүнүчү боюнча соттук процесс башталды.

Учурда, отурум адвокаттардын катышуусу менен жабык тартипте өтүп жатат.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак Исаковдун жактоочулары алар коргоп жаткан адамдын катышуусу менен соттук курулуш экспертизасын дагы бир ирет өткөрүүгө өтүнүч келтирген. Себеби, Нурбек Токтакунов келтирилген далилдерди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Буга байланыштуу, ал Свердлов сотун ал документтерди тизмеден алып салууну суранган. Бирок сот андан баш тарткан. Андан кийин жактоочулар ал чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Эскерте кетсек, "Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо" долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча эксперттердин бүтүмүнө ылайык 5 млрд. 439 млн. сом зыян келтирилген.

Ага байланыштуу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдингтин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялар" ААКсынын мурдагы директору Салайдин Авазов, "Улуттук энергохолдингтин" башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, "Электр станциялар" ААКсынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча башкаруу тобунун директору Темирлан Бримкулов, мурдагы Каржы министри Ольга Лаврова кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий