• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте «Сапаттуу билим жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи» аттуу конференция өтөт

Билим 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда Бишкекте «Сапаттуу билим жана руханий адеп-ахлактык тарбия – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи» аттуу конференция өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конференцияга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, КР Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова, КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана анын орун басарлары Надира Жусупбекова, Нурлан Өмүровдордун катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, иш-чарага министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн, облусттук усулдук борборлордун, райондук / шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн / башкармалыктарынын, мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышат.

Конференция Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү, 23/11 дарегинде жайгашкан «Газпром Кыргызстан мектебинин» базасында өтөт. Башталышы 10:00.

Пикир

Оставить комментарий