• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте РФнын Саратов облусунан келген ишкерлер менен бизнес-форум өттү

Экономика 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда, КРнын Соода-өнөр жай палатасында (СӨП) Саратов облусунан (РФ) келген ишкерлер менен бизнес-форум өттү. Бул тууралуу КРнын СӨПнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соода-экономикалык миссия КРнын СӨПү тарабынан Саратов облусунун СӨПү менен биргеликте уюштурулду.

Анын алкагында кыргызстандык жана россиялык ишкерлер ортосунда В2В жолугушуулар өтүп, келишимдердин, сатыктардын жана кызматташуунун шарттары түздөн-түз талкууланды.

Делегациянын курамына тамак-аш, фармацевтикалык, косметикалык, ветеринардык, химиялык жана өнөр-жайдын башка тармактары үчүн таңгактоо жабдууларын өндүрүүчү компаниялар кирген.

Соода-өнөй жай палатасынан кошумчалашкандай, ошондой эле россиялык тарап кыргызстандык ишкана-компанияларга барышат.

Пикир

Оставить комментарий