• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Саркеч көчмөн” этно-кийимдер кароо-сынагы жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Бишкекте “Саркеч көчмөн” этно-кийимдер кароо-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин баса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынак Т. Сатылганов атындыгы Кыргыз улуттук филармониясында Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын алкагында өттү.

Сынакка 10дон ашык жаш дизайнерлер катышты. Сынак улуттук колориттеги кийимдердин заманбап үлгүсүн эл алдына алып чыгуу менен, таланттуу дизайнерлерди аныктоо жана чеберлерин колдоо максатын көздөйт.

1-орун – Эгембердиева Алия, «Эхо предков» коллекциясы, 60 000 сом:

2-орун –Кадыркулов Нурбек “Ne On” коллекциясы, 50 000 сом;

3-орун – Бейшенкулова Алина, “Мурас” коллекциясы, 40 000 сом менен сыйланды.

Ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктар менен Жумаева Нуриза, “Наследия предков” коллекциясы, 10 000 сом жана Чынгыз кызы Аида, “Ренессанс” коллекциясы, 10 000 сом менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий