• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражатына 3 билим берүү объектиси курулууда

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарында Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарына 3 билим берүү объектиси курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттар Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинде, Арча-Бешик-2 турак жай конушунда жана Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназиясында курулууда.

Белгилей кетсек, №61 жана №5 мектептерге жаңы кошумча окуу корпустары менен Арча-Бешик-2 турак жай конушунда жаңы мектептин куруулушу 1 миң 250 орун менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Учурда объекттерде фундамент куруу, монолит колонналарын бетондоо жана кирпич менен дубалдарды тизүү боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Подряддык уюмдарга объекттердин курулуш иштердин аткарылган көлөмүнө ылайык Сауд өнүгүү фонду тарабынан 774 391 АКШ доллары каржыланды.

Билим берүү объекттердин курулуш иштеринин аяктоо мөөнөтү 2021-жылга пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий