• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте сентябрда ЖОЖ ректорлорунун эл аралык форуму өтөт

Билим 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. 14-15-сентябрда Бишкек шаарында "Улуттук инновациялык экосистеманы түзүүдө университеттердин ролу" аттуу жогору окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумун өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форумду Билим берүү министрлиги Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму менен өнөктөштүктө өткөрөт.

"Форумдун негизги максаты - алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, КРнын потенциалын таанытуу", - деп айтылат маалыматта.

Анда жогору окуу жайларынын интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын коммерциялаштыруу, инновация үчүн кадрларды даярдоо боюнча илимий-практикалык сунуштарды иштеп чыгуу максатында илимий-техникалык потенциалды чыңдоо, байланыштар тармагын (нетворкинг) кеңейтүү маселелери талкууланат.

Форумга дүйнөнүн 200дөн ашуун университеттеринин жетекчилери, эл аралык уюмдардын, фонддордун өкүлдөрү, эл аралык программалардын билим жана илим боюнча кеңешчилеринен турган жогорку деңгээлдеги катышуучулар катышары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий