• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте шаар күнүнө арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 27-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Бүгүн Президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Шаар күнүнө арналып, Бишкек шаарынын борборундагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Көргөзмөнүн ачылышы Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын 139-жылдыгын майрамдоонун алдында өткөрүлдү.

Экспозициянын басымдуу бөлүгүн маанилүү жана кызыктуу окуяларда тартылган, кооз мекемелер, ар түрдүү жылдардагы Бишкектин парктары тартылган сүрөттөр түзөт.

Көргөзмөдө түрдүү сүрөтчүлөрдүн 100дөн ашык картиналары коюлган.

Бул жылы Бишкек шаарынын негизделген күнү 29-апрелде белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий