• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте шаар тургуну досторун тамашага салыш үчүн жардыргычтын муляжын жасаган – УКМК

Коом 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын жашоочусунун үйүндө колго жасалган жардыргычтын муляжы табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, 9-февраль күнү болжол менен саат 7:45те Бишкек шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө шаардагы үйлөрдүн биринин тургундары телефон чалып, алар жашаган үйдүн бир батиринен ызы-чуу чыгып жатканын билдирген.

Жерине милиция кызматкерлери барган. Белгилүү болгондой мас абалында болгон батир ээси Р.У. жана аны менен бирге турган Б.Ч. аттуу жарандын ортосунда уруш болгон. Батирди тинтүү учурунда саат орнотулган механизми бар, колго жасалган жардыргычка окшогон куту табылган.

"УКМК кызматкерлери менен биргеликте кутуну кароодо ал муляж экендиги аныкталган. Р.У. айтымында ал муляжды тааныштарын тамашага салуу үчүн жасаган", - деп билдиришти УКМКдан.

Тинтүү учурунда башка тыюу салынган буюмдар табылган эмес.

Муляж табылган факт боюнча материалдар КР Кылмыш кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү ("Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

"Буга байланыштуу, УКМК бул өңдүү иштерди жасоо жана алардын кесепеттери канчалык олуттуу экенин эске салат. Мындай бейбаштык жоруктар укук коргоо органдары үчүн кошумча каражат жана күч жумшоосун талап кылат", - деп айтылат маалыматта.

УКМК, терроризм актысы тууралуу жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн жарандар КР мыйзамына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий