• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте шаардык штаб күнү-түнү иштейт - байланыш телефондору

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20 /Кабар/. Бишкекте шаардык штаб күнү-түнү иштейт, - деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, коронавирус коркунучунун алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында шаардык штаб тынымсыз иш алып барат.

"Эгерде суроолор же Бишкек шаарындагы эпидемологиялык кырдаал боюнча маалымат алгыңыз келсе, анда 0(312) 625813, 0555839379 номерине чалыңыз. Ошондой эле шаардык штабдын WhatsApp тиркемесине жазыңыз - 0705 025 010. Андан тышкары, 0555 920241 номерине чалып, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тиешелүү сунуштамаларын алууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий