• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бишкекте шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга айып салынды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция тарабынан Туңгуч кичирайонундагы №36 үйдүн жанындагы куймак сатуучу жай жоюлду. Ошондой эле Алыкулов көчөсүндөгү №11 дарегинде мыйзамсыз курулуш алынды.

"Мындан тышкары, тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн шаар тургуну В. Сосновских жоопко тартылат. Кара-Жыгач конушундагы белгиленбеген жерге өндүрүш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн “Аалам Строй” ишканасы жоопкерчилик тартат. Айыппулдун суммасы 23 миң сомду түзөт. Жолдун жүрүүчү бөлүгүн булгагандыгы үчүн Жолдошбек у.Б.га 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, фактыларга карабастан айрым тартип бузуучулар күнөөсүн моюндарына алуудан баш тартышты. Алардын иши акыркы өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий