• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “Шайлоо процессинде коррупцияга каршылык көрсөтүүдө жаштардын ролу” темасында жаш лидердин Академиясы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 14.08.21. /Кабар/. Бишкекте “Шайлоо процессинде коррупцияга каршылык көрсөтүүдө жаштардын ролу” темасында жаш лидердин Академиясы өтүп жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үч күнгө созулган иш-чара Борбордук-азиялык коррупция жана кирешени адалдоо көйгөйлөрүн изилдөө институту тарабынан, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системасынын Эл аралык өкүлчүлүгү менен өнөктөштүктө, Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ Агенттигинин (USAID) колдоосу менен, "Electoral Rights Fest" жумалыгынын алкагында, Жаштардын эл аралык күнүн утурлап уюштурулууда жана ал шайлоо процессинде коррупцияга каршылык көрсөтүү боюнча жаштардын потенциалын өстүрүүгө багытталган.

Борбордук-азиялык коррупция жана кирешени адалдоо көйгөйлөрүн изилдөө институтунун жетекчиси Эркайым Мамбеталиеванын айтуунча, жаштардын коррупцияга каршылык көрсөтүүдөгү ролу өткөн жумада, 2021-жылы июнда болуп өткөн БУУ Генералдык ассамблеясынын Атайын чакырылган сессиясында белгиленген.

«Резолюция кабыл алынып, мында жаштарга багытталган маалыматтык-билим берүүчүлүк программаларды алдыга жылдырууда эл аралык жана аймактык уюмдардын аракеттерин бириктирүү зарылдыгы тууралуу айтылган. Биздин Жаш лидер академиябыз шайлоо процессинде коррупцияга каршылык көрсөтүү жаатында жаштардын потенциалын күчөтүүгө багытталган. Катышуучулар конкурстук тандоодон өткөн, курагы 17 жаштан 28 жашка чейинки жаштар. Биз шайлоо укугу, лидерлик, тимбилдинг, коррупция, электрондук башкаруу ж.б. маселелер боюнча эӊ мыкты тренер-эксперттерди чакырдык, алар ишинде жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусунда лидерлик көндүмдөрүн калыптандырууга багытталды.

Кыргызстандагы шайлоо процесси жаштар тарабынан олуттуу көӊүл бурууну талап кылат, деп эсептейт Эркайым Мамбеталиева.

“Эл аралык жаштар күнү 1999-жылы БУУ Генералдык Ассамблеясы жаштар маселесине көӊүл буруу, алардын чечим кабыл алуу процесстерине кийлигишүүсү тууралуу резолюциясын кабыл алгандан тарта белгиленип келет. Өткөрүлүп жаткан академиянын темасынын тандалышы кокусунан келип чыккан жок. Кыргызстанда өтүүчү шайлоо процесси жаштарды түшүнүү жана аларды тартууну, лидерлик сапатты өнүктүрүүнү талап кылууда, бул жаштарга мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу деӊгээлдеринде чечимдерди кабыл алууга жигердүүлүк менен катышуусуна мүмкүндүк бермекчи. Катышуучулар саясий коррупция деген эмне, шайлоо процесси кандай өтүш керектиги жана коррупция шайлоого кандайча таасир этээри тууралуу билимдерин кеӊейте алышат”.

Жаш лидер академиясынын катышуучулары эл аралык нормаларды жана коррупцияга каршылык көрсөтүү тажрыйбаларын талкуулашып, Кыргызстандын шайлоо системасы, саясий коррупцияга каршылык көрсөтүү механизмдери менен тааныша алышат, шайлоо учурундагы жүрүм-турум психологиясы тууралуу үйрөнүшөт. Мында шайлоо процессинде жол берилген бузууларга каршылык көрсөтүүдөгү жаштардын ролу, шайлоонун мониторингинин эл аралык тажрыйбасы, санариптештирүү коррупцияны алдын алуу катары деген маселелер каралат.

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин 4-курсунун студенти, болочоктогу юрист Сейтек Аркабаев аталган Академия коррупцияга, анын ичинде, шайлоо процессиндеги коррупцияга каршылык көрсөтүү усулдары тууралуу маалыматын жогорулатууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

“Мен юриспруденция жаатында мыкты адис болууну пландаштырып жатам. Бул сыяктуу иш-чаралар менин мүмкүнчүлүктөрүмдү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алат. Аталган иш-чара тууралуу мен социалдык тармактардан билдим, арызды толтуруп, коррупцияга каршылык көрсөтүү усулдары тууралуу мен эмне билем, коррупция коомдун өнүгүүсүнө канчалык кедергисин тийгизүүдө деген эссе жаздым. Бул жерде алган билимдеримди мен келечекте колдоном деп ишенем”.

Тренерлердин бири экономика илимдеринин доктору Тилек Саякбаев Кыргызстанда жаш лидерлерди өстүрүү учуру келди деп эсептейт.

“Көптөгөн мамлекеттер өз реформаларын жигердүү жаштарга колдоо көрсөтүүдөн баштаган. Билим алууну, саясий коррупцияга каршылык көрсөтүү боюнча даярдыктан өнүүнү каалаган жаштарды көргөндө көз кубанат, анткени бизди алдыда парламенттик шайлоо күтүп жатат. Өлкөбүздө эчак эле жаш лидерлердин бирикмесин түзүү керек болучу”.

Жаш лидер академиясына катышуунун жыйынтыгы боюнча шайлоо процессинде коррупцияга каршылык көрсөтүүгө окугандыгы тууралуу сертификаттар берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий